Жакындан бери карай “бригадалаш” достор Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибеков кайрадан бир кемеге отуруп, саясаттын толкунунда бирге сүзөлү деген чечимге келишкени тууралуу маалымат булактары жаза баштады. “Биз бирге болуп турганда күчтүү элек, анан сен спикер болуп кетип, өзүңдү бизден бир аз обочороок алып кетип, ортодо ар кандай түшүнбөстүктөр жаралып, натыйжада биз минип бараткан “Ата Журт” кемеси аңтарылып тим болду. Эми кайра ошол күчүбүздү жыйнайлы, өткөн-кеткенди унуталы. Сенин спикер болуп керсейип калган кезиңди биз унуталы, сен болсо сага сот процесстеринде дурусураак колдоо көрсөтпөй койгонубузду унут” — деп адегенде Камчыкебиз Акматбек досуна барган экен дешет. Ансыз да тагдыры кылдын учунда турган Акматбек мырза макул болуптур. Экөөнүн “баш кошконун” эшиткен БОКтун экс-лидери Равшан Жээнбеков: “Мени да кошуп албайсыңарбы” дегендей кыйытууну жасаган экен, экөө “аный” дегендей кылып баштарын чайкап коюшуптур. “Биз президенттик башкаруу системасын колдогон саясатчыларбыз, сен болсо Батыштын саясатын гана жүргүзөсүң. Анын үстүнө сен экөөбүз БОКко тең төрага да болуп көргөнбүз, иштеше албай койбодук беле” — деп Камчыбек мырза Кыдыршаевич Равшанчикти босогодон ары узатып коюптур дейт. Кыязы, Өмүрбек Бабановго “баш кошо” коюп алданып калган Ташиев айранды “үйлөп иче баштаса” керек.