Домой Аналитика Курманкул Зулушев: “Башкы прокуратуранын кызматкерлеринин айлыктары аз”

Курманкул Зулушев: “Башкы прокуратуранын кызматкерлеринин айлыктары аз”

54

“Башкы прокуратуранын кызматкерлеринин айлыктары аз”. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 20-апрелде, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин биргелешкен жыйынында айтты.

Эгер коррупцияны жоюш керек десек, биринчи айлык маянаны көтөрүү керек. Айлыктар аз, ачык айтып кетсем башкы прокурордун оклады кошумча төлөмсүз 28 миң гана сом, орун басарлардыкы 23-25 миң сом. Облус прокурорлору 20 миң сом, райондордун прокурорлору 17,5 миң сом, орун басарлары 16,5 миң сом, жөнөкөй оперкызматкерлер менен жардамчылардыкы 12,5 миң сом гана”, – деди Зулушев.

Башкы прокурор 2020-жылы аткарылган иштер боюнча отчет берүүдө.