Домой Шайлоо 2020 “Замандашка” асылган ассоциация элге уят болду

“Замандашка” асылган ассоциация элге уят болду

159

«Замандаш» ассоциациясы «Замандаш» партиясынын азыркы лидери алдыдагы шайлоодо «упай топтош үчүн тарыхый фактыларды бурмалап, биримдиктин иштерин жана эмгектерин өзүнө ыйгарып алды» деген чындыктан алыс маалымат таратып, элдин сынына кабылды. Бул ассоциациянын адамдарынын “Замандаш” партиясын эч качан мигранттар менен иштеген эмес» деген маалыматы элдин күлкүсүн келтирди. Себеби, “Замандаш” партиясы 13 жылдан бери мигранттардын көйгөйлүү маселелерин чечип, жакындан жардам берип келгенин бешиктеги балага чейин билет. Алар шайлоого катышып жаткан партияга асылуу менен бирге партиянын аброюн түшүрүүгө аракет кылгандыгы ачыктан ачык байкалган. Анткени, буга чейин бир, эки жолу партияга асылып, анда да коомчулукка уят болгон эле. Эми ошол “эски оорусун” дагы карматып жаткан кези. Бир сөз менен айтканда ассоциациячылар оюнан ондогон кеп-сөздөрдү токушса да, “Замандаш” партиясынын мигранттарга кылган опол-тоодой эмгегин жокко чыгара албайт. Ал эми бул маселе боюнча «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов буларды айтты: «Шайлоонун шарапаты менен Муктар Өмүракуновдун кылган иштерин жокко чыгарып, анын эмгектерин өздөрүнө энчилейбиз деген адамдар жок эмес экен. Бул аларга абийир алып келбейт. Логотипти колдонуп, басма сөз катчы деп билдирүү тараткандардын абийиринде болсун. Ошолордун арасында башка партиялардын катарында жүргөндөр бар». Коомдук ишмер, маркум Муктар Өмүракунов негиздеген Орусиядагы мигранттардын «Замандаш» ассоциациясы 2003-жылы түзүлгөн. Анын негизинде 2007-жылы ушундай эле аталышта партия түптөлгөн.

Булак: Багыт гезити