Домой Коом Орусияда мигранттарды текшерүү күчөдү

Орусияда мигранттарды текшерүү күчөдү

149

Орусияда кыргыз жарандары тыкыр текшерүүгө алынып, миграциялык эрежелерди сактабай жүргөнү аныкталса, айып төлөп же депортацияга кабылып жатышат.

Москвада иштеген Нурияныөткөн жумада эртең менен жумушка бараткан жеринен токтотуп, документтерин текшеришкен. Ал Орусияда миграциялык каттоосун узартпай жүргөн эле.

«Метродон кармашты. Күнөө менде эле. Каттоомдун мөөнөтү бүтүп калган, узарта элек болчумун. Ошол жерден бизди топтоп, анан полиция бөлүмүнө алып барып протокол толтурушту. Мага биринчи административдик мыйзам бузуу үчүн 5 миң рубль айып салышты. Эки же андан ашык мыйзам бузгандарды сотко алып кетишти. Көбү кыргыздар болуп чыкты. Полиция кызматкерлери өздөрү эле «кыргызстандыктарды текшерип жатабыз» деп айтышты».

Москвадагы кыргыз элчилиги январдан бери Орусиядагы кыргызстандыктарды 15-мартка чейин миграциялык документтерди иреттөөгө үндөп келген. Пандемияга байланыштуу былтыр мигранттарга берилген жеңилдиктер токтотулуп, текшерүүлөр кайра күчүнө кирери эскертилген.

«Жарандардан телефон чалуулар, кайрылуулар болуп атат. Көбү айып же эскертүү менен чыгарылып жатышат. Санын так айта албайбыз, бизде андай мүмкүнчүлүк жок», — дейт консулдуктун юристи Мырзапаяс Карагулов.

Бул кезде Москвадагы элчилик кыргыз өкмөтүнүн 9-марттагы буйругуна ылайык, мөөнөтү бүтүп бараткан паспортторду убактылуу 1-сентябрга чейин узартып берип жатат. Мындай чечим бир чети Кыргызстандагы «паспорт кризисинен» улам кабыл алынды.