Домой Аналитика Ысык-Көлдө кумаркана ачуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты

Ысык-Көлдө кумаркана ачуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты

172

Жогорку Кеңештин депутаттары 21-апрелдеги жыйынында Ысык-Көлдүн аймагында чет элдиктер гана кумар оюндарын ойной турган оюн-зоок комплексин куруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Долбоорго 91 депутаттын 68и макул, 23ү каршы добуш берди.

Сунушталган мыйзамга ылайык, «Тамчы» аэропортунун аймагына эс алуучу жай, мейманканасы менен казинолорду куруу мерчемделген.

Мыйзам долбоорунун шарттары боюнча кумарканаларга чет өлкөнүн жарандары, туристтер гана кирип, жергиликтүү жарандар киргизилбейт.

Долбоорду депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков демилгелеген. Ал өлкө экономикасынын киреше бөлүгүн көбөйтүү, туристтик тармакты өнүктүрүү максатында иштелип чыкканы айтылган.

Бирок, добуш берүүдөн соң бир нече депутат кайра сөз алып, туура эмес добуш берип алганын айтып, капыстан макул болуп алышканын айтышты.