Домой Аналитика Президент казинолор боюнча мыйзамга вето коюга даяр экенин билдирди

Президент казинолор боюнча мыйзамга вето коюга даяр экенин билдирди

54

Президент Садыр Жапаров чет өлкөлүктөр үчүн казинолорду ачууга уруксат берген мыйзамга вето коюуга даяр. Бул тууралуу Мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров бардык тараптардын пикирлерин эске алуу үчүн, чет мамлекеттердин жарандарына өлкөнүн айрым аймактарында кумар оюндарынын ишин жандандырууну караштырган “Ысык-Көл областынын аймагындагы, туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча ар кандай аянтчаларда кошумча кеңейтилген талкуу уюштурууну сунуш кылат.

Эгерде коомчулук чет мамлекеттердин жарандары үчүн өлкөнүн айрым аймактарында кумар оюндарын калыбына келтирүү демилгесине караманча каршы болсо, анда Президент өзүнүн конституциялык укугунан пайдаланып, аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш кабыл алган учурда вето коюуга даяр“, – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Президент Садыр Жапаров казинону Ысык-Көлгө гана эмес, Кыргызстандын баардык аймактарына ачууну сунуштаган. Жапаровдун мындай билдирүүсү мамлекеттик каналга берген маегинде айкын болду.

Мыйзам долбоорун депутаттар демилгелешкен, мен аны колдойм. Долбоордо казинону Ысык-Көл жана Баткен облустарында ачууга боло турганы айтылат. Мен аппаратка Бишкекте жана баардык облустарга ачууга депутаттарга сунуш киргизгиле деп жатам“, – деген Президент өз маегинде.

Жапаров ыйык Рамазан айында мыйзам долбоорунун кабыл алынышына карата айтылган сындарга да жооп берген.

Мунун баары жөн гана сөздөр. Мисалы, аракты көчөлөрдө эле сатып жатышат, андан салык түшүүдө. Бул эмне арам эмеспи? Акциздерден салык алып жатабыз, чочконун этин саткандардан да салык алабыз, бул эмне арам эмеспи? Мен молдо эмесмин, бирок казинодон түшкөн каражатты алышыбыз керек. Бюджетке миллиард сом түшүшү керек“, – деди Садыр Жапаров.

Эске салсак, кумар оюндарына Кыргызстанда 2012-жылы тыюу салынган, бирок ушул жылдын январында депутаттар Ысык-Көл облусуна казино ачуу боюнча сунуш киргизишкен. Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.