Домой Экономика “Ысык-Көл өнүктүрүү” фонду мамлекетке 150 млн сомдон ашык зыян келтирген

“Ысык-Көл өнүктүрүү” фонду мамлекетке 150 млн сомдон ашык зыян келтирген

106

Башкы прокуратура тарабынан Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунда текшерүү жүргүзүлгөн учурда аталган Фондго Ысык-Көл облусунун аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жана киреше берүүчү бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан бөлүнгөн акча каражаттары узак мөөнөттөн бери системалуу түрдө башка максаттарга негизсиз пайдаланылгандыгы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан сырткары, курулуштарды курууга жана капиталдык оңдоолорго тиешелүү долбоорлорго чыгымдалуучу каражаттардын сметалары Фонддун башкаруу органдары тарабынан белгиленген тартипте түзүлбөгөндүктөн жана бекитилбегендиктен алардын олуттуу бөлүгү максатсыз пайдаланылып, ыйгарылып алынган.

Жогорудагы жагдайлар, мамлекеттик каражаттарды жеке тараптардын тескөөсүнө өткөрүп берүү аркылуу ыйгарып алуу үчүн Фонддун башкаруу органдарында туруктуу коррупциялык схема түзүлгөндүгүн айгинелейт.

Анын натыйжасында, Ысык-Көл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Фонддун алдына коюлган тапшырмалар ишке ашпай, 2015-2020-жылдар аралыгында гана мамлекетке 150,0 млн. сомдон ашык зыян келтирилген.

2021-жылдын 5-мартында чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын ЖКнын 319-бер. (коррупция) менен КЖБРге катталып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.