Домой Коом “Бишкек курулуш” компаниясынын мыйзамсыз иштерине тургундар нааразы

“Бишкек курулуш” компаниясынын мыйзамсыз иштерине тургундар нааразы

134

Редакциябызга Улан 2  кичи районунун тургундары келип, арыз-арманын айтышты. Учурда курулуш компаниялардан көп эч нерсе жок эмеспи, кээ бири өз ишин мыйзамдуу түрдө алып барганы менен, кай бирлери тургундардын пикирин эске алганды бул акка кой, мыйзамды тебелеп жатат.

Бишкек Курулуш компаниясы 9, 18  этаж үй куруу менен аталган райондун тургундарынын оюн укпастан, өз билемдик менен мыйзамсыз иштерге барууда – деп арызын жазып алып тургундары келишиптир.

Бишкек курулуш мурда курулган 2 үйдүн айланасында эч кандай суу кете турчу арыктарды жазабай койгондуктан аталган үйдүн айланасындагы  үйлөрдү  жамгыр жааганда суу каптап, дайыма тургундар үчүн ыңгайсыздык жаратып келет, андан тышкары грунттар ылдый түшүп, эски курулган үйлөргө кооптуу болуп, оюулуп калууда – дейт алар.

Тургундар чогулуп Бишкек курулушка көп ирет кайрылышкан, тилекке каршы эч кандай майнап чыкпай, дагы деле өз билемдик менен дагы жаңы үйлөрдү куруп келүүдө.