Домой Маданият Залкар комузчулар эскерилди

Залкар комузчулар эскерилди

780

8-сентябрда маданият өкүлдөрү маркум залкар комузчулардын эстеликтерине гүл коюп, куран окуп эскеришти. Гүлчамбарлар Бишкекте Токтогул Сатылгановдун, Ош шаарында Ниязалы Борошевдин жана Ысык-Көл облусунун Корумду айылында Карамолдо Орозовдун айкелдерине коюлду. Иш-чаралар Кыргызстандын булуң-бурчунда болуп, эл артисттери, маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер, өнөр адамдары жана жаңы таанылып келе жаткан жаш комузчулар катышты.

Кыргызстанда 7-13-сентябрда Комуз жумалыгы жарыяланып, иш-чаралар эпидемиологиялык шартка байланыштуу онлайн форматта өтүп жатат. Комузчулардын катышуусунда “Таңшы комуз” онлайн концерти да жүрүүдө. 2019-жылы Президенттин жарлыгы меен 9-сентябрь Комуз күну деп жарыяланган.