Домой Шайлоо 2020 Шайлоо — 2020: “Биримдик” №1. Чек ара коопсуздугу — бул улуттук коопсуздуктун...

Шайлоо — 2020: “Биримдик” №1. Чек ара коопсуздугу — бул улуттук коопсуздуктун ажырагыс бөлүгү жана “Биримдик” партиясынын артыкчылыктуу милдети.

62

“Чек ара коопсуздугу — бул мамлекеттин коопсуздугунун ажырагыс бөлүгү жана партиянын артыкчылыктуу милдети ”, — деп “Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо партиясынын талапкери Өмүрбек Бакиров Ош шаарынын тургундары менен болгон жолушууда билдирди.

Бакиров партия Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча ишти күчөтүп, бардык талаштуу аймактар боюнча тез арада макулдашууга жетишүүгө ниеттенүүдө, дейт.

Тышкы саясаттын башкы милдети өлкөнүн ийгиликтүү ички өнүгүүсү жана жарандардын гүлдөп өсүшү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу деп белгилеген “Биримдик” партиясы, төмөнкү артыкчылыктуу багыттарды коргоого ниеттенүүдө:

—              эл аралык жана аймактык уюмдар менен натыйжалуу кызматташуу;

—              коопсуздукту камсыз кылуу жана эл аралык кадыр-баркты бекемдөө;

—              кошуна өлкөлөр менен болгон мамлекеттик чек аралар боюнча талаштуу маселелерди тез арада чечүүнү камсыз кылуу, чек арага тилкелеш жашаган калктуу пункттардын коопсуздугун камсыз кылуу;

—              чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин укуктары менен таламдарын ыраттуу коргоо;

—              учурдагы жалпы дүйнөлүк процесстерге активдүү катышуу жана эң мыкты тажрыйбаларды өздөштүрүү.

Өмүрбек Бакиров кыргыз эли терең ойлонуу менен тандоо жасап, “Биримдик” партиясын колдойт деген ишенимин билдирди.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.