«Биримдик» саясий партиясынын лидери Марат Аманкулов партия мүчөлүгүнөн баш тартып, лидерликтен да кетти. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин «Telegram» каналындагы кыска маегинде 27-декабрда билдирди:
«Ооба, бул чындык. Мен төрагалык кызматтан кетип, партиядан чыктым. Азыр эч бир партияда мүчө эмесмин. Эч бир партияга азырынча кирбейм».
Ошону менен катар Аманкулов Бекешевдин кийинки шайлоого катышуу тууралуу суроосуна жооп берип, «шайлоо да менин пландарыма кирбейт» деп билдирди жана илимий-агартуу ишмердүүлүгү менен алектенүү ниети бар экенин айтты.