Домой Аналитика Министр: «Кумтөр» боюнча чыккан соттун чечими Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизет

Министр: «Кумтөр» боюнча чыккан соттун чечими Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизет

80

«Кумтөр голд компани» компаниясына карата чыккан соттун чечими Кыргызстандын экономикалык абалына терс таасир этет. Бул тууралуу экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» компаниясын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом төлөөгө милдеттендирген. Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган.

«Бул, албетте, өлкөнүн экномикалык бакубаттуулугуна терс таасир тийгизет. «Кумтөрдүн» экономиканын өнүгүүсүндө олуттуу салмагы бар. Соттук процесстер мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгында тагыраак аныкталат. Аталган комиссияны депутат Акылбек Жапаров жетектөөдө, курамында биздин дагы эксперттер бар. Анын жыйынтыгына жараша тийиштүү чара көрүлөт. Райондук сот компанияны 3,5 миллиард доллар төлөөгө милдеттендирди. Бирок ишкана арызданса керек. Соттук процесстер аяктаганда көрөбүз», — деди ал.

«Кумтор голд компани» ишканасынын сайтындагы маалыматка караганда, 2020-жылы «Кумтөрдүн» үлүшү Кыргызстандын ИДПсынын 12,5 пайызын түзгөн.

Компанияга карата соттун чечими жана ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоору боюнча жаңылыктар тарагандан кийин Centerra Gold Inc. компаниясынын акциялары Канада менен Нью-Йорк биржаларында арзандап кеткен.