Домой Экономика Улуттук банктын карамагында учурда канча тонна алтын бар экени айтылды

Улуттук банктын карамагында учурда канча тонна алтын бар экени айтылды

30

Учурда Улуттук банктын карамагында 46,7 тонна алтын бар. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралдагы маалымат жыйында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары Улуттук банк запастагы алтындын көлөмүн көбөйтүү саясатын жүргүзүп келет.

«Банкта алтындын эки түрү бар: алтын-валюта резервинде 16 тонна (1-февралга карата 87,3 миллиард сомго барабар) жана 138,5 миллиард сомго барабар болгон алтындын кору», — деди Карабаева.