Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, ал «күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тиешелүү дарылануу алып жатат».
УКМКнын Тергөө абагында отурган Исаков ооруканага которулганы 16-августта белгилүү болгон. Атайын кызмат ага “кырарка артериясынын синдрому” деген диагноз коюлганын билдирген.
Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү жемкорлукка тиешеси бар деп, 2018-жылы камалган. Кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланып жатат.