Бишкек шаардык соту Тарых музейин реконструкциялоо тууралуу иш боюнча Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Ага ылайык, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 18 жылга эркинен ажыратылып, 247 млн 650 миң сом штраф төлөп бериши керек. Ал эми президент аппаратынын жарандык өнүктүрүү бөлүмүнүн экс-башчысы Мира Карыбаева мамлекетке 260 миң сом төлөп берүүгө милдеттүү.
Сот Исаковду коррупцияга күнөөлүү деп тапты. Тергөөнүн версиясы боюнча, реконструкция ишине бөлүнгөн каражаттар мыйзамсыз колдонулган. Сапар Исаков күнөөнү мойнуна алган жок, ал тергөөчүлөрдүн жүйөөлөрүн сандырак деп белгилеп, ал эми козголгон кылмыш ишин «Сооронбай Жээнбековдун жеке өч алуусу» деп атады.
«Укук коргоо органдары бизди пара алып жаткан жерден кармап алган жок, бизден кылмыш жолу менен табылган акча табышкан эмес», — деп айтты Исаков сотто.
Ал айыптоо коррупцияга шектелген мамкурулуштун кызматкерлеринин сөзүнө негизделип коюлган деп эсептейт.
«Алардын баарын камап, узак убакытка отургузуп коёбуз деп коркутуп буйрутма берилген тергөө менен “кызматташууга” мажбурлашты. Мен буга түшүнүү менен мамиле кылам. Бирок алар биздин акча алганыбыз боюнча кандайдыр бир далил келтириштиби, которуунун кылмыштуу схемаларынын жана кылмыштуу активдерди жашыруунун бетин ачыштыбы?» — деди ал.
Мурдагы өкмөт башчынын айтымында, ага каршы көрсөтмө бергендердин бирөөсү — Улугбек Кокочаров тергөө менен кызматташканы үчүн Мамкурулуштун башчысы болду.
«Эгер музейге кирсеңиз, ал жакта баары канчалык кооз экенин, эмне деген чоң иш жасалганын көрөсүз! Музейге кирген кыргызстандык өз өлкөсүнүн тарыхы менен сыймыктанат. Чет өлкөлүк жаран сөзсүз биздин тарыхыбызга кызыкдар болот. Тилекке каршы музейди ачпай жатышат, бийлик адамдар реконструкцияга өздөрү баа беришет деп коркуп жатат», — деп эсептейт Исаков.
Мира Карыбаева дагы өкүмгө макул эмес. Ал «абалынан кыянат пайдалануу» боюнча күнөөлүү деп табылып, айыппулга жыгылды.
«Эгер материалдарды чын эле карап көрсө, мен тараптан эч кандай ыйгарым укуктан кыянат пайдалануу болгон эмес. Тилекке каршы, музейдин кызматкерлери аны ачууга мени тоскоолдук кылып жатты деп айтышты. Бирок мен мамкызматта үч жылдан бери иштеген жокмун, аларга ак ниет иштөөгө эч ким тоскоолдук кылган жок, ал эми музей дагы деле ачыла элек», — деди ал.
Маданият министри Азамат Жаманкулов бир жул мурун — 2019-жылдын 22-июлунда Тарых музейинин реконструкциясы толугу менен аяктаганын айткан. Бирок музейдин программалык жабдыгынын ачкычын алуу үчүн Кыргызстандын бийлиги Германиянын жалданма компаниясына 225 миң евро төлөп бериши керек. Ушундан улам музейдин ачылышы кечеңдеп жатат.
Тарых музейин реконструкциялоо тууралуу иш
Бишкектеги Тарых музейи мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси боюнча 2016-жылы мартта реконструкцияга жабылган.
Реконструкция процессин Атамбаевдин тушунда президенттик администрациянын башчысынын орун басары болуп турган Сапар Исаков тескеген.
2018-жылы май айында депутаттар реконструкцияланган музейге барып, имарат тендерсиз жана долбоордук-сметалык документтерсиз оңдоп түзөлгөнүн айтып чыккан.
Ошол учурда УКМК тарых музейинин реконструкциясына жумшалган каражаттарды дароо эле текшере баштаган. Кийинчерээк ремонттун баасы ашыра көтөрүлгөн деп билдирген.
Бул иш менен Чолпон-Атадагы ат майданын куруудагы коррупциялык иштер бир кылмыш ишине бириктирилген. Жазык кодексинин 303-беренеси («Коррупция») боюнча алты адамга айып тагылган. Алардын арасында мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жана Мира Карыбаева да болгон.
Мамлекеттик айыптоочулар Исаков «өз ыйгарым укуктарын аша чаап, Мира Карыбаева менен укукка каршы туруктуу байланыш түзгөн» деп ишендирген.
Бул Исаков айыпталуучу катары өтүп жаткан жалгыз иш эмес. Тергөө аны Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупцияга айыптаган. Исаков — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын тарапташы. Бийлик ага каршы кылмыш иштерин Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков тирешип турган маалда козгогон.
Булак: ky.kloop.asia