Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун Молдовановка айылындагы №27 абакка которулганы боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
«Жаза-аткаруу кодексинин 72-беренесинин 5-бөлүмүндө «соттолгондор жазасын ар кандай жерлерде өтөөгө жөнөтүлөт» деп жазылган. Мындан улам соттолгон Сапар Исаков 23-сентябрь күнү №27 түзөтүү абагына которулду», — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, ушул жылдын 23-апрелинде мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкектеги СИЗО-1ден Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагына которулган. Кечээ анын №27 абакка которулганы белгилүү болгон.
Мурдагы өкмөт башчы ЖЭБди жаңылоодогу коррупциялык иштерди жасаганга күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Мындан тышкары Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушу жана Бишкектеги Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер боюнча айыпталып, шаардык сот тарабынан 18 жылга эркинен ажыратуу чечими чыккан.
Булак: saat.kg