Домой Аналитика Түркиянын тышкы иштер министри кыргыз жана тажик кесиптештери менен сүйлөштү

Түркиянын тышкы иштер министри кыргыз жана тажик кесиптештери менен сүйлөштү

28

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин жана Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү. Бул маалыматты “ТРТ” басылмасы жарыялаган.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Чавушоглу эки бир тууган өлкөнүн ортосундагы көйгөйдүн тынчтык жолу менен чечилишин каалай турганын жана керектүү колдоо көрсөтүлө турганын айтты. Чавушоглу кесиптештерине, кол коюлган ок атышпоо келишимине канааттанганын да билдирди.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы аймакта суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасындагы чырдан улам чыккан куралдуу жаңжалда кыргыз тараптан 34 адам, тажик тараптан 10 чакты адам каза болгону айтылды.