Домой Коом Чүйдө убактылуу кармоочу жайдан эки шектүү качып кетти (сүрөт)

Чүйдө убактылуу кармоочу жайдан эки шектүү качып кетти (сүрөт)

47

Чүй облусунун Кемин районунда убактылуу кармоочу жайдан эки шектүү качып кетти. Маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Шектүүлөр бүгүн, 1-майда саат 18:00 чамасында качып кеткенин билдиришти.

“Учурда качып кеткен жарандарды издөөгө комплекстүү иштер жүргүзүлүп, “Сирена” планы жарыяланды. Стационардык пункттарда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда”, – деп айтылат билдирүүдө.

Эгерде сүрөттөгү жарандарды көргөн, билгендер болсо кабарлап коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш номерлери: (0312) 43-01-27, 43-88-85 (Чүй ОИИББи), 0(500) 42-92-72, 0(3135) 50-2-80, 0(312) 61-68-41.

Изделип жаткандар:

1) Камчыбеков Даниель Дамирбекович, 2000-жылы туулган, Ош облусунун тургуну. Ал Чүй облусунун Аламүдүн районунда жашап жүргөн. Кийип жүргөн кийимдери: кара түстөгү спорттук костюм, спорттук бут кийим.

2) Миңбай Тынарбек уулу, 1995-жылы туулган, Талас облусунун тургуну. Аламүдүн районунда жашап жүргөн. Кийип жүргөн кийимдери: кара түстөгү күрмө, боз түстөгү шым жана кара түстөгү спорттук бут кийим. Экөө тең 200-берене “уурулук” менен шектелип кармалган.