Домой Дүйнөдө Түркиядан кыргызстандыктарды Ташкент аркылуу алып чыгып кетүү макулдашылды

Түркиядан кыргызстандыктарды Ташкент аркылуу алып чыгып кетүү макулдашылды

26

Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришкендей, Түркиянын жабыркаган аймактарынан Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2023-жылдын 9-февралында эртең менен (так убактысы такталууда) Газиантеп-Ташкент багыты боюнча Өзбекстандын атайын учагы менен Кыргызстандын жарандарын алып чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.

“Буга байланыштуу Өзбекстандын аймагы аркылуу мекенине кайтууну каалаган кыргыз жарандарын Газиантеп шаарындагы аэропортко тез арада келүүнү суранабыз”, — деп айтылат маалыматта.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот: +90 545 6896800, +90 552 8781158, +90 534 8388551.