Муну Акылбек Жамангулов бүгүн, 4-сентябрда «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын үгүт ишинин расмий башталышына арналган иш-чарада айтты. Партиянын салтанаттуу иш-чарасы Бишкектеги Жеңиш аянтында ѳтүп, ага партиянын лидерлери, мүчѳлѳрү жана тарапташтары катышты.
Шайлоого партиянын тизмесин баштап бараткан Акылбек Жамангулов ѳз сѳзүндѳ партиянын алдыда аткарчу иштери, максаттары жѳнүндѳ сѳз кылып, элдин турмушун жакшыртуу, ѳлкѳнүн экономикасын ѳнүктүрүү багытына аткарчу иштерине токтолду.
«Кыргызстандын башкы байлыгы — бул адамдык потенциал, ал эми негизги стратегиялык инвестициялар — бул адамдарга жумшалган инвестициялар деп ишенем», — деди ал.
Ошону менен бирге ал «Биримдик» партиясы кызматына жана артыкчылыктарына карабай турган, ѳзүм билемдикке жол бербей турган, мыйзам баары үчүн тең болгон ѳлкѳнү тандай турганын белгиледи.
Партиянын идеологиясына токтолгон Акылбек Жамангулов партия социалдык адилеттүүлүккө негизделген демократиялык социализмдин принциптерин жана бирдиктүү географиялык жана цивилизациялык мейкиндиктин — Евразиянын аймагында жашоо жана өнүгүүнү тандоого негизделген евразиячыл саясий философиянын идеяларын жетекчиликке аларын, ушул макроаймактагы элдер менен өлкөлөрдүн ортосундагы бир туугандык кызматташтыкка өзгөчө маани берерин айтты.
«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.









