Домой Аналитика Мамлекет бир нече мамлекеттик ишканаларды сатууга киришти

Мамлекет бир нече мамлекеттик ишканаларды сатууга киришти

378

Кыргызстандын министрлер кабинети төрт компаниядагы үлүшүн сатууну көздөп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Facebook баракчасына жазды.

“Министрлер кабинети “Альфа Телеком” (акциянын 100 пайызы), “Кепилдик фондун” (14,09 пайызы), “Керемет банкын” (0,74 пайызы) жана Евразиялык сактык банкын (76,56 пайызы) менчиктештирүү боюнча маселени парламенттин кароосуна жөнөттү”, — деп жазды депутат.

Ал тизмеде 32 объект бар экенин белгилеп, жогоруда аталгандар да кошулганына токтолду. Калган 28 объект боюнча эч нерсе деген жок.