Домой Коом MegaCom *500: Кардарларды колдоо кызматы өзүнүн 10 жылдыгын белгилөөдө

MegaCom *500: Кардарларды колдоо кызматы өзүнүн 10 жылдыгын белгилөөдө

97

10 жылдык

Абоненттерибиздин кеңири катмарына *500 катары көбүрөөк белгилүү болгон MegaCom Кардарларды колдоо кызматы (ККК) өзүнүн 10 жылдыгын белгилөөдө!

2006-жылдын 17-апрелинде MegaCom компаниясынын Call-борбору эң алгачкы чалууну кабыл алган эле. Ал кезде компаниянын абоненттик базасын болгону 7 оператор тейлечү. Жаңы тарифтик пландарды, кызматтарды жана опцияларды киргизүү абоненттик базаны кеңейтип, операторлордун санын көбөйтүүгө өбөлгө боло алды. Бүгүнкү күндө алардын саны 250дөн ашуун жана алардын ар бири күнүнө 300гө чейинки чалууну кабыл алышат.

2015-жылы жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, абоненттерибиздин 95 пайызы MegaCom кардарларды колдоо кызматынын адистеринин тейлөө сапатына мыкты деген бааларын беришкен. Абонент кандай гана маанайда чалбасын, чалууну кабыл алган адистин жагымдуу үнүн угат. Түшүнбөгөнүңдү түшүндүрүп, жардам берүүгө даяр экендиги үнүнөн эле билинип тургандай. Кардарларды колдоо кызматынын адисинин өзгөчө сапаттары – бул сабаттуулук, эмгекчилдик, тартип жана кандай гана жагдай болбосун чыдамкай жана сабырдуу болуу.

Кардарларды колдоо кызматы  –  компаниянын эң ири жана маанилүү бөлүгү катары заманбап технологияларды, жаңы ачылыштарды өздөштүрүү менен, натыйжалуулукту арттырып келет. Аптанын ар күнү 24 саат бою жардамга келүүчү бул бөлүмдө эмгектенген кызматкерлер ары татаал, ары кызыктуу, ал гана эмес күлкүлүү  учурларды башынан өткөрүшөт. Анда эмесе, адистерибизге сөз кезегин берели.

 

Картаңбаева Махабат, ККК адиси:

— Менин жумушумдагы эң жагымдуу учур – жамаатыбыздын ынтымактуулугу. Кесиптештер бири-бирине дем берип, ар дайым колдоп, дайыма алдыга сүрөп турушат.

— Эң кыйыны  – абдан чоң көлөмдөгү маалыматты эсиңе тутуп  калуу. Бизге ар түрдүү суроолорду беришет. Ар бирине жооп берип, абонентке жардам берүү биздин милдетибиз. Абонеттерибиз биздин кызматтарга тиешеси болбогон суроолорду берген учурлар да арбын. Бир жолу бир чабан чалды. Ал өзүнүн алыскы тоодо жүргөнүн, эриккенинен эмне кыларын билбей жатканын айтты. Жакындарына чалууга балансында бирдиги жетишсиз экендигин, ал кардарларды колдоо кызматына чалуу акысыз болгондуктан жөн гана биз менен сүйлөшкүсү келгенин билдирди. Аягында ыр ырдап берди.

 

Фисенко Елена, ККК адиси:

— Эң жагымдуусу – сенин аткарган жумушуңдун башкалар үчүн пайдалуу экендигин түшүнүү.

— Кээде абоненттер көйгөйлөрүн чечүүдө суроолорун так бере албаган учурлар кездешет. Чалып жаткан абонент кайсы суроону тактагысы келгендигин билүү үчүн кошумча суроолорду бере баштайсың. Бул болсо, бир топ убактыңды алат.

— Бир абонент биздин кызматтын адисине чалып, мени менен байланыштырууну суранган учур болгон. Анын арзып жүрүп жетпей калган сүйүктүүсүнүн ысымы дагы Лена экендигин жана да ага менин үнүм жагып калгандыгын айтты.

 

Искандаров Кахрамон, ККК адиси:

— Эң жагымдуусу – абоненттин түшүнбөгөнүн түшүндүрүп, ага жардам бере алганың. Дайыма мыкты иштөөгө шыктандырып турган жетекчилерибиз жана жамаатыбыз.

— Эң кыйыны – чоң апалар чалган учурда интернет деген эмне экендигин жана 3G менен 4G интернеттин айырмасын түшүндүрүп берүү.

— Бир жолу бир байке чалды. Мен анын суроосуна жооп берип жаттым. Ал түшүнбөй телефонун аялына берди. Мен ал эжеге түшүндүрүп жаттым. Ал түшүнбөй, телефонун кызына берди. Мен кызына түшүндүрө баштадым. Аягында чалган байке чыдабай кетти көрүнөт: «Сен адабий сөздөр менен сүйлөп жатасың. Биз жөнөкөй адамдарбыз. Бизге жеткиликтүү кылып  айтып берчи»,- десе болобу. Мен анын суроосуна колдон келишинче жөнөкөй тил менен жооп бердим.

 

Аманова Алина, *800Expert багытындагы адис:

— Эң жагымдуусу – өзүң үчүн да жаңы болгон маалыматтарды билүү, кесипкөйлүк сапаттарыңды өстүрүү.

— Эң кыйыны  – кийинки суроо кандай болорун жана ага кандай жооп берүү керектигин алдын ала билбей тургандыгың. Жакында эле бир абонент чалып, «Тандыр Пабдын» жайгашкан жери тууралуу маалыматты тактап берүүнү өтүндү. Биз ал тууралуу маалыматтар базасынан таппай койдук. Аталышын тактап берүүнү сурандык. Бирок абонент «Тандыр Паб» деп ишенимдүү түрдө айтып жатты. Качан гана биз: «Балким, «Блондер Паб» тууралуу айтып жүрбөңүз?, — деп сураганда абонент аталышын жаңылыш айтып жаткандыгын түшүндү.

 

Мадыханов Саидилхом, «Маркетингдик изилдөөлөр» багытынын адиси:

-Эң жагымдуусу – абоненттердин ыраазычылыгына арзыган учур. Өзгөчө улуу адамдар ыраазычылык билдирип, бата берген учурлар абдан жагымдуу.

— Мен үчүн эң кыйыны – бул кечке чейин бир орундан жылбай отура берүү, бирок биздин жумушубуздун өзгөчөлүгүнө жараша телефондун жана компьютердин жанында болушуң керек.

— Бир жолу бир байке чалып, кайсы бир жагымдуу окуяны белгилеп жатышкандыгын жана ошого байланыштуу досторуна тост айтып коюуну суранды. Мен маалымат гана бере ала тургандыгыбызды жана белгиленген бир чектен чыгууга укугубуз жок экендигин түшүндүрүүгө аракеттендим. Бирок ал дагы айтканынан кайтпай туруп алса болобу. Ушул учурда: «Анда эмесе, ден соолук үчүн!» деп айткандан башка аргам жок эле. Менин сөздөрүмдөн кийин бокалдар кагылып, каалоолор жана ыраазычылык билдирген сөздөр жаңырып жатты.

MegaCom Кардарларды колдоо кызматы *500 – суткасына 24 саат бою кесипкөй кеп-кеңеш жана жардам.

Азамат КАНГЕЛДИЕВ