Домой Саясат Тилекмат Куренов: «Биз 5-октябрындагы уурдалган революцияны кайтарабыз!»

Тилекмат Куренов: «Биз 5-октябрындагы уурдалган революцияны кайтарабыз!»

1743

Оппозициялык активист Тилекмат Куренов абактан кат жазды. Катты шериги Эрлан Бекчоро уулу социалдык баракчасына жарыялаган.

Баарына жооп беришет!

Мени дагы 50 WhatsApp группа түзүп алып революция кылат деп коркуп жатышат. Күндө телефон тинтип издешет. Биз революция кылбайбыз, болгону 2020-жылдын 5-октябрындагы уурдалган революцияны кайтарабыз! Акыры кайтарабыз! Ал революция эки адамды акча жасап, банктагы эсептерин көбөйтүп алсын деп болгон эмес. Баары ордуна келет. Азыр алтын аяктан аш жеп тургула. Өзүн-өзү алдаган бийликтин келечеги болбойт! Баарына жооп бересиңер!

Эсиңиздерге сала кетсек, 2021-жылдын 20 -августунда  Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Куреновду бир жыл алты айга эркинен ажыраткан.