Домой Ден-соолук №1 СИЗОнун жетекчиси Тилекматтын көзүн тазалаганга буйрук алганбы?

№1 СИЗОнун жетекчиси Тилекматтын көзүн тазалаганга буйрук алганбы?

33

№1 СИЗОнун жетекчиси Нурдин Турусбеков ГСИНдин начальниги ЭГЕМБЕРДИЕВ АСКАТтын кайниси. Ал эми ГСИНдин жетекчиси президент С.Жапаровдун классташы экени коомчулукка маалым.
Бүгүнкү күндө СИЗОдо Тилекмат Кудайбергеновго кысым болуп жатканын анонимдүү булактар кабардар кылды. Тилекматты тийиштүү болгон сейилдөөгө чыгарбай, душка түшүрбөй, матрасы жок камерага камап койгон. СИЗОнун жетекчиси Нурдин Турусбеков камактагылардан акча талап кылганы үчүн УКМКга бир нече ирээт суракка дагы чакырылган. Акыйкаттык үчүн маалыматты тактасаңар болот. Жакында кайсы камерадан канча талап кылганын жазып чыгарабыз. Эсиңерде болсо Тилекмат Кудайбергенов камалар астындагы видеодо өзүнө кол салбасын ачык айтканы коомчулукта бүдөмүк ойду жараткан. Булардын кийинки кадамдары кандай болорун алдын ала билгендей айткан.  Мындай кадамдар Т. Кудайбергеновго башталганын жана өмүрүнө коркунуч жаралганын анонимдүү булактар билдирди.
Пенсиядагы ГСИНдин ардагерлеринин айтканы боюнча тууган уругу бул системада кол алдында иштегенге болбойт. Анткени мыйзамга дагы, логикага дагы, этикага дагы жатпайт жана туура келбейт.
Абактагыларга мамлекет тарабынан акча бөлүнүп, соттолгон адамдарга шейшеп, даарат кагаз, матрас, самын, идиш-аяк берилбей, душка түшүрбөй, сейилдөөгө чыгарбай атабы? Т.Кудайбергеновго коркунучтуу кылмышкер катары мамиле кылып жатышат. Жалгыз Тилекматка ушундай мамиле болуп жатабы же баарына ушундайбы аныктап жатабыз. Жакында баарын ачык айтабыз….
Мелис Аспеков камалганга чейин ден соолугу мыкты экен. Бүгүн жүрөгүнөн операция болуп ден соолугу оор.