Домой Саясат Тилекмат Куренов тергөө абагынан №27 түзөтүү колониясына которулду

Тилекмат Куренов тергөө абагынан №27 түзөтүү колониясына которулду

330

Бул тууралуу, активист Эрлан Бекчоро уулу өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырган.

«Тилекмат Куренов бийликтин саясий куугунтугунда калган жалгыз активист. Жалган жалаа менен күнөөлөнүп абакта жаткан Тилекмат Куренов бийликтин мыйзамсыз кадамдарына, сөз эркиндиги, кен-байлыктарды коргоодо алдыда турган азаматтардын бири,»— деди ал.

Эсиңиздерге салса кетсек, 2021-жылдын 20-августунда Бишкек Шаардык Свердлов райондук соту оппозициялык активист Тилекмат Куреновго «Бийликти күч колдонуп басып алууга ачык чакыруу», «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «шайлоочулардын добушун сатып алуу» беренелери боюнча айып тагып, 1 жыл 6 айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.