2020-жылдын 26-сентябрында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай кенинде алтынды ылгоо фабрикасынын (АЫФ) жана калдык сактоочу жайдын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри К.Боронов, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилиги, «Кыргызалтын» ААКнын жетекчилиги, «Женгиз Холдинг» компаниясынын жетекчилиги Шереф Ченгиз, Али Ченгиз, Йылмаз Шара, Асым Акбаш, Вели Гокдере, Фикри Таракчи, Алп Тогай , Селчук Йылмаз, Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Дженгиз Камил Фират, жергиликтүү тургундар жана жергиликтүү айыл аймагынын башчылары катышты.
Бул долбоор фабрика толук кубаттуулукта ишке киргенде, 1000 ге чейин адамды жумуш менен камсыз кылат.
«Бул долбоор Кыргызстандагы жана Түркиядагы эң ийгиликтүү бизнес долбоорлордун бири. Алтын ылгоо фабрикасынын өндүрүмдүүлүгү жылына 1 миллион руданы түзөт. Өндүрүштүн өзгөчөлүгү — заманбап жана алдыңкы технологияларды колдонуу. Эң негизгиси — бул долбоор кендин иштөө мөөнөтүн дагы 15-20 жылга узартып, Чаткал районунун жергиликтүү жашоочулары үчүн туруктуу иш орундары менен камсыздалат. Учурда ишканада 646 адам иштейт,эгерде долбоор толугу менен ишке кирсе, 1000ге чейин адам жумуш менен камсыз болот. Ошондой эле, өлкөнүн бюджетине жыл сайын болжол менен 1 миллиард сом киреше түшөрүн баса белгилеп кетүү маанилүү», — деп билдирди «Кыргызалтын ААКнын маалымат кызматы.
«Терексайдагы өндүрүштүн технологиялык чынжырчасында Кыргыз Республикасынын талаптарына ылайык сертификатталган жана катталган чет өлкөлүк өндүрүштүн заманбап жана өндүрүмдүүлүгү жогору болгон жабдуулары колдонулат жана алтын ылгоо боюнча чийки зат иштетүүчү дүйнөнүн мыкты технологиялары тартылган», — деди Алп Тогай.
Эске салсак, «Эти Бакир Терексай» ЖЧКсы биргелешкен ишкана болуп саналат, анын 25% капиталы «Кыргызалтын» ААКга, 75% — түркиялык «Эти Бакир Терексай» компаниясына таандык.