Домой Коом Кытайга чыгарылып кетти делген алтын концентраты боюнча Бажы кызматы үн катты

Кытайга чыгарылып кетти делген алтын концентраты боюнча Бажы кызматы үн катты

958

Мамлекеттик бажы кызматы депутат Аккулу Бердиевдин Чоң-Алай районундагы Алтын-Казык кенинен казылган алтын концентратын 17 фура менен Кытайга чыгарып кетишти деген билдирүүсү боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, өткөн жылы «Эркеч-Там» бажысынан 17 фура алтын концентратын мыйзамсыз чыгарып кетип баратканда Финпол тарабынан токтотулуп, кылмыш иши козголгон.

«Кечээ, 21-сентябрда, кытайлар жаңылады деп «Эркеч-Там» менен «Достук» бажысы аркылуу чыгарып кетиптир. Министр, бажычылардын деңгээлиндеги коррупция токтобой жатат. Ал иш сотто экенине карабай «Кайди» компаниясы коррупциялык жолдор менен эскирген лицензиясын жаңылап алыптыр. Бажы кызматынын башчысы Самат Сатаровичке чалсам «мен билбей калыптырмын, балдар чыгарып жибериптир. «Эркеч-Тамдан» эмес, «Достуктан» өткөрүп поездге жүктөп кетиптир» дейт. Мындай боло берсе мамлекет оңолушу кыйын болот», — деген Бердиев.

Бажы кызматынан билдиришкендей, “тарифсиз жөнгө салуу чаралары колдонулган бажы операцияларын ишке ашырууда товарды алып кирүү жана чыгуу боюнча уруксат берилген эрежелерди жана Евразия экономикалык комиссиясынын 2015-жылкы чечимине ылайык иш алып барат”.

“Товарды киргизүү жана чыгаруу Кыргызстандын тиешелүү органдары уруксат берген документтин негизинде гана ишке ашырылат. Кыргыз өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы токтомуна ылайык, тиешелүү органдар «Гик Кайди» ЖЧКсына 2021-жылдын август айынан тарта Кыргызстандын сыртына флотациялык концентрат алып чыгууга уруксат берген. Бажы кызматкерлери жогорудагы уруксат документтерин көрүп туруп концентраттарды чыгаруу боюнча операцияны аткарышкан”, — деп айтылат билдирүүдө.

Депутат бул жерде чоң акча жүрүп жатканын белгилеп, чыгарылып кеткен алтын концентратынын болжолдуу суммасы 253 миллион долларды түзөрүн айтты.

Буга байланыштуу эл өкүлү башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, ишти тыкыр текшерүүнү өтүндү.