Домой Аналитика Кытай кыргыз алтынын чыгарып кетүүдөбү?

Кытай кыргыз алтынын чыгарып кетүүдөбү?

42

Тоо бар жерде жабык кен  байлык дагы көп кездешет. Кыргызстан 94% тоо кыркаларынан турат. Өлкөнүн түндүгүндө алтын мөңгүлөрдүн астынан казып алынат, түштүктө болсо бир аз башкача.

Түштүктөгү эң ири алтын кен — Чоң-Алайда. Кытай менен чектеш жайгашкан бул жерде сары металлды казуу жараяны мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүлгөн. Күтүлгөндөй эле, ага кытайлык компаниялар катышат.

Кытайдын кенчилери тоону жөн эле талкалап, байлыкты өздөрүнө ташып кетүүнү туура көрүшөт (Кыргызстандын учурдагы мыйзамдарынын жетишсиз жактары буга жол берет). Анын визуалдык элеси мындайча: бул жерде бүгүн тоо бар эле, бирок эртеси ал жок болуп кетет.

Кыргызстандан алтын концентратын экспорттоого эч кандай тыюу салынган эмес жана акыркы убакта аны сатуудан алынуучу салыктын көбөйүшү символикалуу мүнөзгө гана ээ. Кытайлар үчүн өз өлкөсүнөн сыртта жайгашкан кендердеги  алтынды бөлүп алууга караганда тоону толугу менен бөлүктөргө бөлүп чыгарып кетүү -оңой жана пайдалуу. Бирок,  чындыгында абал бир кыйла олуттуу жана татаал.

Жакында кыргыз парламентинде сенсациялуу маалымат жаралды. Жергиликтүү калк буга чейин да кыргыз алтын концентраты артылган оор жүктөрдүн Кытайга кетишине нааразы болгон. Кырдаал бир нече жолу кытайлар менен чырдашууга чейин жеткен. Журналисттер оор унаалар менен ташылган шектүү жүктөр тууралуу жазышкан менен  бул маселе   парламентте бир жолу да козголо элек болчу.

21-сентябрда депутат Аккулу Бердиев бул көйгөйдү Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинде көтөрүп, эртеси Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында да көтөрдү. Парламентарий өлкөдөн алтын концентратын мыйзамсыз ташылып жатканын  документтердин негизинде тастыктап, айтып чыкты. Анын айтымында,  Кытайга он жети оор жүк ташуучу унаа менен 360 тонна алтын концентраты  ташылып чыгып кеткен.

Аккулу Бердиев жер казынасын мыйзамсыз пайдалануу, экологияга жана бюджетке зыян келтирүү, ошондой эле чек арадагы аткезчилик рекорддук мүнөздө экенин билдирди. Көңүл бурчу жагдай, Чоң-Алай кени запасы боюнча Кумтөрдөн кем калбайт. Ал эми бир маалыматтар боюнча андан ашышы да ыктымал.

Аккулу Бердиев Кыргызстанда алтын концентратын экспорттоонун бүтүндөй схемасы түзүлүп, ишке киргизилгенин айтты: «Бир кытайлык компаниянын лицензиясы жокко чыгарылганда, башка тоо-кен компаниясы ишин баштайт. Бул башында эле ойлонулган. Алтын экспорту эч качан токтотулган эмес».

Анын айтымында, «Алтын Казык» жана «Айдарбек Алтын» кендеринен чийки зат жүктөө пункттары жана аларды Кытайда түшүрүүчү жерлер асфальт жол менен туташкан, аралыгы бир-эки эле саат. Тиешелүү органдар ал жакты чанда гана текшеришет. Бул жагдай  «абийирсиз чет элдик компаниялардын, жергиликтүү чиновниктердин жана лицензиялар менен түрдүү уруксат кагаздарды берген адамдардын синдикатын» түзүүгө мүмкүндүк берди.

Алтын концентратын сыртка ташып кетүүгө байланыштуу чыр олуттуу мүнөздө башталды. Бажы жана экологиялык техникалык инспекциянын башчылары  парламентке чакырылды. Бирок чиновниктер кытайлыктар менен сүйлөшүүгө катыштыгы бар экенин четке кагып, өлкөдөн алтын концентратын экспорттоонун мыйзамдуулугуна басым жасашууда. «Миллиондогон долларлар казынага түшпөгөнү» тууралуу билдирүүлөрдү алар туура эмес деп эсептешет. Бажы кызматкерлери кытай тараптын аракетин минтип актап жатышат: «Түштүк аймакта алтын иштетүүчү ишканалар болбогондуктан, кытайлар ушундай кадамдарга барууга мажбур болушат».

Өз кезегинде, депутат Бердиев кеп «миллиондогон эмес, миллиарддаган доллар жыл сайын республиканын бюджетине түшпөй жаткандыгы жөнүндө» болуп жатканын билдирди.

«Бул жерде жаап-жашыруу бар. Алар 35-40 граммдын ордуна 4 грамм деп көрсөтүшүп,  маалыматтарды бурмалашкан. Буга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аралашкан. Мен бул маселени мурда көтөргөм. Ошондо бул жүктөрдү Эркечтам бажы бекети өткөргөн эмес. Биз Бажы кызматына кат жаздык. Балким азыркы башкы бажычы аларды кое бергендир? Мен ага чалып, сурадым, ал: «Мага алтын эмес, жез экенин айтышты» деп жооп берди, — дейт Аккулу Бердиев (бул жерде ачык билдирүү келтирилди — ред.).

Бердиевдин сөзүнө караганда, Чоң-Алайдын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ошондой эле Рустам Маманов аттуу жаран,  кытайлык “Ошин”, “Интербизнес”, “Гик Кайди”, “Азия голд Интерпрайз” компаниялары бул ишке тийешеси бар. “Бажы кызматкерлери, жергиликтүү бийлик органдары менен «инвесторлор» ортосундагы коррупциялык схема орун алган «,-дейт эл өкүлү.

Депутат концентратты мыйзамсыз экспорттоо фактыларын ачыкка чыгарардан мурда кытайлык компаниялардын өкүлдөрү аны менен байланышканын белгиледи. Унчукпоо жана «теманы жабуу» үчүн алар дурус эле акчаны — он миллиондогон долларларды эл өкүлүнө сунушташкан. Азыр жагдайды укук коргоо органдары көзөмөлгө алды. Өлкө президенти Садыр Жапаров жалпы тоо кен тармагы боюнча кырдаалга көз салып турат.

Депутат Аккулу Бердиевдин билдирүүсү өлкө жетекчилигинин кен байлыктарды максаттуу пайдалануу боюнча саясатына шайкеш келет. Учурда Кыргызстандын жаңы тарыхында коррупцияга каршы эң ири өнөктүк уланууда. Ушул жылдын январь айынан тарта Садыр Жапаров президент болуп шайлангандан кийинки жасаган алгачкы кадамдарынын бири — Кумтөр алтын кениндеги “опузалоо саясатын” кайтаруу болгон. Бүгүнкү күндө республикада дээрлик күн сайын бул кенге байланышкан чырга тийиштүү мурдагы премьер-министрлер, парламент мүчөлөрү, жогорку даражалуу чиновниктер кармалып, камалууда.

Жер казынасын пайдалануу тармагында Кумтөрдөн  башка жерлерде да тартип орнотула баштады. Чоң-Алайдын бийик тоолорундагы алтын корун элдин кызыкчылыгына ылайык иштетип, ал жактагы кыргыз алтынын “аарынын уюугундай” болгон  шектүү тышкы мергенчилерден коргоого убакыт келди…

булак: https://ruh.kg/