Эркин басылмалардын бирине «Темир Сариевге Кыргызстандагы аттуу-баштуулар неге бурулду?» деген темада макала жарык көрүп, анда 100дөн ашуун адамдар президенттикке талапкер Т. Сариевди колдоого алып, кол коюшканын жарыялаптыр. Албетте, алардын арасында элибизге эмгеги сиңген адамдар да бар. Бирок, көбүнесе коомчулукка макаланын темасына төп келе тургандай аттуу-баштуу эместер да кишинин санын көбөйтүү үчүн кошулуп калганын баса белгилеп айтып коюшубуз керек.
Экинчиден, мындай “кол топтоо” кандай ыкма менен жасала турганын да жакшы билебиз. “Сиз ушул кагазга жөн эле кол коюп бересизби? Т. Сариев жакшы киши го” деп деле жаштары улгайып калган маданияттын, адабияттын өкүлдөрүн аргасыз кылып кол койдуртуп алышаары белгилүү.
Макул, кандай ыкма менен иштешсе да, Т. Сариевдин пиарщиктери 100дөн ашуун кол топтошуптур. Бирок, ошолордун арасында артында калбыры барлары, буга чейинки ишмердүүлүгүндө терс аракеттери аркылуу коомчулукка жакпай калгандар жана Темир мырзанын тууган-уруктарынын да кошулуп калышы түшүнүксүз болуп калды. cheap viagra us companies only.
Маселен, тизмеде 11-болуп турган Карыпбек Алымкулов аттуу энергетик аксакалыбызды алалы. Энергетика жаатындагы мыкты адистердин бири. Бирок, ал бүгүнкү күндө Темир Сариевдин штабын жетектеп турган Элмира Ибраимованын кайын атасы экендигин билбей калабызбы? Карыпбек мырза келининин көңүлү үчүн деле кол коюп бере берет да.
Ал эми экс-вице-премьер Шамил Атахановдун бул тизмеге кошулуп калышы Т. Сариевдин кадыр-баркын көтөрөбү же кайра төмөндөтөбү? Себеби, ал кызматта турган кезде “мыйзамдагы ууру” А. Батукаевди түрмөдөн качыргандардын башында турганы аныкталбады беле? Дал ошол аракети үчүн ал кызматтан кеткенин элибиз али унута элек. Канчалаган кыргыз жарандарынын өмүрүн кыйган Батукаевди качырган Атаханов кыргыз эли үчүн кантип аттуу-баштуу болуп калсын?
Тээ Акаевдин убагында экология министри болгон Кулубек Бөкөнбаев да Т. Сариевге кадыр-барк алып келиши өтө кыйын. Ал министр болуп турган кезде “Кумтөр” компаниясынын оор жүк ташыган автоунаасы Барскоон суусуна кулап, цианид төгүлүп, узакка чейин ызы-чуу болгон. Ошондон кийин канчалаган адамдар оор илдетке кабылышты, канчалаган ымыркайлар тубаса майып төрөлүштү. Бирок, ошол кырсык болгондон кийин ал жакка жетип барган Кулубек Бөкөнбаев “мындан эч нерсе болбойт, коркпогула, мына ишенбесеңер” деп канадалыктарга жан тартып, өзүнүн үстүндөгү кийимдерин чечип салып, сууга бир чумкуп чыкканы эсибизден кетелек. Ошентип ал “эч нерсе болбойт” дегени менен канчалаган мекендештерибиз цианиддин азабын тартышты. Эгерде Кулубек мырза элибиздин кызыкчылыгын көздөгөн жетекчи болгондо, тескерисинче канадалыктардан тиешелүү деңгээлде компенсация төлөтүп, жабыркагандарга жардам кылбайт беле?
Кулубек мырзанын өмүрлүк жары Ишенгүл Болжурова айымдын да бул тизмеге киргени таң калтырбайт. Себеби, ал да күйөөсүнүн катарынан чыга албайт. Бул айым убагында Майрам Акаевага жакын “подружке” болупа жүрүп билим берүү жана илим министри кызматына чейин көтөрүлгөн. Азыркы тапта кызматсыз калганына ичим тап болуп жүрөт.
Аликбек Жекшенкуловду кимдер тааныбайт! Аты элибизге таанымал десек болот, бирок аттуу-баштуу деп айтууга ооз барбайт. “Аттуу” болушу мүмкүн, бирок “баштуу” экенинен күмөнүбүз бар. Башкасын айтпаганда да ал К. Бакиевдин убагында ТИМди жетектеп туруп, Үңкүр-Тоону Өзбекстандыкы деп тапкан протоколдун пайда болушуна өзгөчө чоң салым кошконун кантип унуталы? Ал адегенде өзү биринчи Өзбекстанга барып, бардыгын “жайгарып”, анан гана К. Бакиевдин ал жакка барышына жол ачып бергенин тастыктаган документтер бар. Кыргыз жерин өзгө мамлекеттики деп тапкан А. Жекшенкуловду элибиз эч качан кечирбейт. Андыктан анын Т. Сариевди колдоп атканы тескерисинче терс гана натыйжа берет.
Турсунбек Чыңгышев дегенде “Кыргызстанда аңкоолор менен жалкоолор гана уурдабайт” деген “учкул” кеп эске келет. Мына ушунусу менен ал тарыхта калган. Эгерде ошол саясатчы Т. Сариевди колдоп кол коюп атса, анда демек Темир мырза “аңкоо да, жалкоо да эмес, ал уурдай алат” деген реклама болуп атабы?
Ал эми Кадыр Токоев, Төлөгөн Чормонов аттуу милициянын полковниктери бул тизмеде кантип “аттуу-баштуулардын” арасында жүргөнү кызык. Же бизде полковниктер азбы? Экинчиден, булар Т. Сариевдин өзүнүн туугандары болуп атпайбы.
Мына ушундай окурман, Т. Сариевди кимдер колдоп атканын баамдадыңыздар да? Ошондо биз мындан Т. Сариевди “Кыргыз жерин саткыла”, “аңкоо жана жалкоо болбой уурдагыла”, “кыргыз көлүнө цианид төгүлүп кетсе да “эч нерсе болбойт” дегиле” дегендер гана колдой турганын түшүндүк. Ал эми “мамлекетибиз өнүксүн”, “жерибиз сатылбасын”, “ууру-кескилер камалсын”, “элибиздин жашоосу оңолсун” дегендер колдобогула деген эле чакырык болуп калыптыр.