Домой Технологиялар “Мегаком” компаниясы аукционго коюлган радиожыштыкты сатып алды

“Мегаком” компаниясы аукционго коюлган радиожыштыкты сатып алды

10

Өкмөткө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы (9-мартта радио жыштык спектрин аукционго чыгарып сатты. Бул тууралуу “Азаттык” үналгысы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек менен Ош шаарын кошпогондо Кыргызстандын бардык аймагын камтыган туурасы 40 МГц болгон 2300 – 2340 МГц радиожыштыктары 74 млн. 205 миң сомго бааланган. Сынакка «Мегаком» деген соода бренди менен таанымал «Альфа Телеком» компаниясы гана катышып 77 млн. 915 миң сомго сатып алган.

10-мартта жогорудагы эки шаардан башка Кыргызстандын бардык аймагын камтыган дагы бир туурасы 20 МГц болгон 2380 – 2400 МГц радиожыштыктары 37 млн. 102 миң сомго аукционго коюлган. Бул жыштыктарда да «Мегаком» ишканасы 38 млн. 957 миң сомго утуп алган.