Домой Коом Улак тартыш оюнун өткөрүп, уруучулук маселесин көтөргөн Келдибеков

Улак тартыш оюнун өткөрүп, уруучулук маселесин көтөргөн Келдибеков

64

Акматбек КелдибековСокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында кече жакында эле улак тартыш оюну өткөрүлүп, байгелер берилгени маалым болду. Баарынан кызыгы бул оюнду уюштургандар «Солто уруусунун атынан өткөрүп атабыз» деп уюштурушканында болууда. Бизге жеткен маалыматтарга караганда бул иш-чаранын артында «коррупциянын атасы» атыккан Акматбек Келдибеков тураары белгилүү болду.

tadalafil 20 mg sublingual. Албетте кыргыз элинин улуттук оюну болгон улак тартышты уюштуруп, байгелерди берүүдөн эч кандай өөн издегибиз келбейт. Болгону ошондой оюнду уюштуруу аркылуу уруу-урууга бөлүнүүгө жем таштап аткан «тыңчыкмаларыбыздын» аракетине тан берип турубуз. Экинчиден, улак тартыш өткөрүү аркылуу президенттик шайлоонун камын көрүп аткан Келдибековдун кадамы таң калычтуу.

Журт башы, эл башы болом деген саясатчы элди урууга бөлүп отурса, анда жыргаган экенбиз деп турубуз. Эртең кокусунан мамлекет башына келип калса, анда Кыргызстанды кыркка бөлүп салбас бекен?