Домой Дүйнөдө Тажикстанда дүйнөдөгү эӊ ири күн электр станциясы ишке кирди.

Тажикстанда дүйнөдөгү эӊ ири күн электр станциясы ишке кирди.

109

Тажикстандын Мургаб шаарында өлкөдөгү эң ири күн электр станциясы ишке кирди.  220 кВт жаңы күн электр станциясы ачылганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

«Бул объект Тажикстандагы, ошондой эле дүйнөдөгү эң бийик тоолуу эң ири күн электр станциясы. Долбоордун курамына кубаттуулугу 180 кВт.саат болгон гибриддик электр энергиясын сактоочу станция кирет», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул күн электр станциясынын ишке кириши менен Тоолуу-Бадахшан Автономиялуу облусунун Мургаб шаарында 6000ден ашуун адам электр жарыгына ээ болушту.

Маалымат үчүн айта кетсек, Мургаб Тажикстандын деңиз деңгээлинен эң бийик шаары. Шаарда 3600 метр бийиктикте, жетүүгө кыйын шарттарда жашаган 6000 адам жашайт, андыктан аймакты электр энергиясы менен камсыз кылууга жооптуу болгон «Pamir Energy компаниясы жана улуттук электр тармактары аларды өчүрүп салышкан.

Жаңы күн электр станциясынын курулушу калкка электр энергиясын берүүнү калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

«Мургабда курулган күн электр станциясы аймактын электр менен камсыз болушун 50 пайызга жогорулатат. Бул калктын жашоо деңгээлин бир кыйла жакшыртып гана тим болбостон, региондун жалпы экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзөт», — деп айтылат малыматта.

Жаңы күн электр станциясы Тажикстан өкмөтү, АКШнын USAID жана жергиликтүү «Pamir Energy» компаниясы менен өнөктөштүктө курулган.

булак: NazarNews.kg