Домой Саясат Шыкмаматов: парламент, президент, өкмөт чукул жыйынга чогулуш керек

Шыкмаматов: парламент, президент, өкмөт чукул жыйынга чогулуш керек

138

Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстанда абал курчуп баратканын белгилеп, президент, парламент, өкмөт тез арада жыйынга чогулуп, окуянын мындан ары күчөп кетпешин талкуулашы керек деген пикирин билдирди.

— Мүнөт сайын абал курчуп баратат. Парламент эртең чукул жыйынга чогулушу керек. Солтон-Сарыдагы абалды, Кой-Таштагы жарадар болгон жарандардын абалын талкуулаш керек. Төрагага кайрылып, эртең чогулуш керек. Керек болсо, президент, өкмөт чогулушу керек, — деди ал.

Чүйдүн Кой-Таш айылында күч кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын 7-августта кечки саат сегиздерде баштады. Кырдаал курчуп, октордун үндөрү жаңырууда. Атамбаевдин короосунда бир канча жерде өрт болуп жатат. Электр жарыгы өчүп калды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармоо операциясы жүрүп жатканын, желим октор гана колдонулганын маалымдаган.

Алмазбек Атамбаевдин үйү жайгашкан Чүйдөгү Кой-Таш айылында уюктук байланыш жана Интернет начарлады. Саламаттык сактоо министрлиги бир канча адам ооруканага түшкөнүн билдирди.

Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал келген эмес.