Алардын айтымында, айдалган малдар президент Сооронбай Жээнбековго тиешелүү. Уй, торпокторду түн ичинде эч кимге көрсөтпөй айдап кетишкен. Малдарды эле эмес уй саай турган аппараттарды дагы алып кетишкен.
Маалым болгондой, малдарды Чоң Далы айылынын тургундары айдап кетишкен.
Эске сала кетсек, кечээ, 6-октябрда Ысык-Ата районунун Интернациональное айылында 16 карьер менен кошо президент Сооронбай Жээнбековго тиешелүү делген “Ихлас” карьери өрттөлгөн.