betamethasone valerate cream bp. Оппозициялык маанайдагы саясатчы Камчыбек Ташиевге тиешелүү делген «Майдан.kg» аттуу басылма бар. Бул гезит бийликти катыра сындап, өкмөттүн кемчиликтерин көзгө сая көрсөтүп турат. Дал ушул басылма акыркы санында президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин рейтингин аныктап, анда Сооронбай Жээнбеков озуп чыгыптыр. Ар кайсы тармактагы белгилүү инсандардын көпчүлүгү ѳлкѳ башчылыгына Сооронбай Жээнбековду татыктуу деп баалаган. Сурамжылоо 1ден 7ге чейин упай (балл) берүү аркылуу жүрүп, 70 упай топтогон Сооронбай Шарипович биринчиге чыккан. Темир Сариев менен Бакыт Төрөбаев 50дөн упай топтоп кийинки сапка илинген. Үчүнчү орунду парламенттеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов 48 упай менен камсыз кылган. Президенттик кызматка талапкерлигин койгон башка инсандар да тиешелүү упайларын алган.
Бул эми оппозициялык маанайдагы басылманын версиясы, бийликти сындаган гезиттин сурамжылоосу. Андан мурда “АКИ-пресс” маалымат агенттиги да сурамжылоо жүргүзүп, анда да Сооронбай Жээнбеков утуп чыккан эле. Ошондой эле бир катар социологиялык иликтөөлөрдү жүргүзгөн мекемелердин изилдөөсүндө да Сооронбай Жээнбеков алдыга чыгууда. Эксперттер болсо президенттик шайлоодо партиялардын кѳч башында турган КСДП сунуш кылган талапкердин мүмкүнчүлүгү жогору экенин белгилеп жатат. Буга элди оппозициялык гезиттин баасы да ынандырууда. Демек, элдин маанайы да ушундай деп божомолдосок жарашат. Ошентсе да, акыркы бааны элибиз 15-октябрдагы шайлоодо берет эмеспи…