Домой Дүйнөдө Шавкат Мирзиёевдин кызы уулдуу болуп, атын Шавкат койду

Шавкат Мирзиёевдин кызы уулдуу болуп, атын Шавкат койду

39

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин тун кызы үчүнчү ирет эне болду. Бул тууралуу Саида Мирзиёева өзү Telegram каналына жазган.

«Дүйнөдө абал кыйын болсо да жашоо уланууда. Бирок адамдар жакшылыкка кубанышат, ымыркайлар төрөлүп, адам заты учугун улоодо. Ал эми биздин үй-бүлөгө кичинекей Шавкатик кошулду. Биз аны менен таанышканыбызга аз эле болду, бирок бир көргөндө эле сүйүүбүз ушунчалык күчтүү экенин түшүндүк жана биз күнү-түнү чогуу жүрөбүз. Апалар бул сезимдин кандай экенин жакшы билишет», -деген билдирүү калтырган.

Эске салсак, Саида Мирзиёва белгилүү ишкер жана мамлекеттик кызматкер Ойбек Турсуновго турмушка чыккан. Жубайлардын эки баласы бар: уулу Миромон жана кызы Саодатхон. Ойбек Турсунов 2017-жылдын январь айынан бери Өзбекстандын Президентинин Администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп иштеп келет.