Домой Аналитика Өзбекстанда көп баскан адамдарга 1 миллион сумга чейин төлөп берет

Өзбекстанда көп баскан адамдарга 1 миллион сумга чейин төлөп берет

13

Өзбекстандын өкмөтү күн сайын 10 миң кадамдан көп баскан адамдарга   1 миллион сумга чейин төлөп берет. Тиешелүү токтомго кол коюлду. Долбоорго  18 жаштан жогорку курактагы ар бир жаран катыша алат.

Бул үчүн киши атайын сайтка катталышы керек. Күн сайын 10 миң кадамдан ашык баскан адамдын мобилдик капчыгына 3 миң сумдан которулуп турат.

Ошондой эле эң көп аралыкты басып өткөндөргө ай сайын район, облус жана республиканын деңгээлинде кошумча акы берилет. Мындай жол менен президент Шавкат Мирзиёев өзбекстандыктарды сергек жашоо образына тарткысы келет.