11-сентябрда эфирге чыккан “Поле чудес” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышына кыргызстандык Бекболот Буланбаевдин катышуусу ийгиликтүү болду. Оюнга кирээри менен дароо роликтеги “Сектор Приз ” буюртмасын ачты. Бул тууралуу аталган шоунун видео тасмасы Орусиянын 1-каналына жарыяланган.
Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктап, Новосибирск шаарында травматолог-ортопед адистиги боюнча аспирантурада окуп жаткандыгын айтты. Учурда Сибирдин Искитим шаарында эмгектенип жатат.
