Домой Коом Абдывахап НУРБАЕВ, ЖК депутаты: “Чек аралардын такталышы элдин жашоо шартын жакшыртууга жол...

Абдывахап НУРБАЕВ, ЖК депутаты: “Чек аралардын такталышы элдин жашоо шартын жакшыртууга жол ачат”

50

76CB9DB4-862E-4949-AE49-789740A77492_w610_r1_s

cialis generics sale.           Президент Алмазбек Атамбаев өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, бир топ чечилбей жаткан маселелерди оң жагына чечти. Айрыкча эки өлкө ортосундагы талаштуу чек аранын 85 пайызынын макулдашылганы эксперттер тарабынан жогору бааланып жатат. Деги эле чек ара маселесинин чечилиши элдин жашоосуна кандай өзгөрүүлөрдү алып келет деп ойлойсуз?

           Эң биринчиден кыргыз-өзбек достугунун бекемделиши эки өлкө үчүн пайдалуу. Буга чейин дал ушул чек аралардын такталбаганынан улам ар кандай талаш-тартыштар, чыр-чатактар орун алып, керек болсо адам өмүрү кыйылган учурлар да болгон. Ынтымакка доо кетирген көрүнүштөр орун алып келген. Эми болсо соода-экономикалык байланышты, ынтымакты бекемдөөгө жол ачылды. Буга чейин деле бир тууган эл катташып келген, бирок ар кандай тоскоолдуктардын болуп келгени баарыбызга белгилүү. Эми ушул тоскоолдуктар жоюлганы турат.

          Өзбекстан менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары чектешет. Бул аймакта жашаган калк кандай өзгөрүүлөрдү сезиши мүмкүн?

          Кыргызстанга 30 миллиондон ашуун рынок ачылды. Сиз айткан облуста жашаган эл үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды. Маселен, Өзбекстанда мөмө-жемиш эрте бышат. Биз алардан эрте жазда жашылча-жемиштерди сатып алсак, андан кийин өзүбүз өндүргөн азык-түлүктөрдү сатсак болот. Ош шаары менен Андижан шаары достук тууралуу келишимге кол койду. Бул да жакшы көрүнүш. Менин оюмча, чек аралардын такталышы элдин жашоо шартын жакшыртууга жол ачат.