maxifort zimax sildenafil. — Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке жасаган мамлекеттик сапары учурунда Кыргызстанда кийинки президент Алмазбек Атамбаевдин саясатын уланта турган киши болсо деген тилегин билдирди. Жеке сиз өзбек лидеринин мындай пикирин кандай кабыл алдыңыз?
— Жеке мен Өзбекстандын президентинин мындай пикирин жакшы кабыл алдым. Кандай гана жетекчи болбосун мурунку жасап кеткен жакшы иштерди жаңы президент улантышы абзел. Биздин тээ ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан атанын жолун баласы улантышы керек деген жакшы салт бар. Азыркы президенттин жакшы жасап жаткан иштерин келе турган президент сөзсүз улантышы керек. Муну өзбек президенти да айтты. Жаңы барак ачып эле жаңы тарыхты кайрадан ача берген болбойт да. Бул жагынан абдан жакшы кеп болду. Өзбектерде мисалы, ошондой саясат жүрүп келе жатат. Мунун өзү мамлекеттин туруктуулугуна өбөлгө түзөт деген ойдомун.
— Өзбекстан менен чек арабыз жакшы нукта чечилди. Мындай улуу иштерди чечүү менен Шавкат Мирзиёев жана Алмазбек Атамбаев тарыхта калат деп ойлойсузбу?
— Сөзсүз түрдө. Буга чейин деле Өзбекстан менен биздин өлкөнүн ортосунда жакшы аракеттер көрүлүп, айрым маселелер чечилгени менен алар аягына чейин чыгарып, кол коюлган эмес. 25 жылдын ичинде кыргыз-өзбек мамилесинде ар кандай кырдаалдар болду. Ортодо эл аябай кыйналды. Ошонун ичинде чек арага жакын жайгашкан элдер кирип-чыгып каттай алышпай, канчалаган кыйынчылыктар орун алып келди эле.