Үч күн Кыргызстанда 6 шаардык жана 21 айылдык кеңешке шайлоо өткөнү белгилүү. БШК бул шайлоого 24 партия ат салышып, жалпысынан добуш берүүчүлөрдүн 56%ы катышканын жар салды. Бардык региондордо алдыга КСДП суурулуп чыкты. Ал эми эң аз добуш алгандардын катарына Өмүрбек Текебаевдин “Ата Мекен” партиясы кирет. Жалпысынан алганда, жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо таза өттү деп айтылганы менен, айрым жерлерде ачыктан-ачык мыйзам бузууларга жол берилди. Маселен, Ошто акча таратууга шектелип, 9 адам кармалып, бүгүнкү күндө суракта. Ал эми Жумгалдын борбору Чаектеги бюллетендин узундугу 80 сантиметрге жеткен, ал жерден 116 талапкер чыккан. Ушундай эле көрүнүш Ысык-Ата районунун Милянфан айылында да болду.
Ал Ош шаардык кеңештен болжол менен 16, “Кыргызстан” 9, “Мекеним Кыргызстан” 6, “Бир Бол” менен “Республика-Ата Журт” 5, ал эми “Өнүгүү-прогресс” 4 мандат ала турган болду.
Ош шаардык кеңешинин тизмесинде (КСДПдан) Расул Раимбердиев жүрөт. Бул адам президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелип, чала-була сурак берип, бирок тутулбай, кутулуп кеткендиги белгилүү. КСДП мындан башка эле талапкер тапса болмок экен.