Домой Саясат Стат-катчы пара менен абакка

Стат-катчы пара менен абакка

101

Нурлан ШериповМамкаттоо кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов 100 миң сом пара менен колго түштү. Бу катчы бирөөнү карызсың деп 7 миң доллардан бааланган эки машинасын алып, анан да 550 миң сом бересиң деп талап кылган. 22-март күнү статс-катчы менен ага көмөктөш дагы бир кызматкер пара алып жаткан жеринен кармалып атпайбы. Азыр тергөө жүрүп жатат.

Сокулук районундагы Александровка айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын төрагасы ижарага жер берем деп бирөөнөн 70 сом пара талап кылган. Анан анын 40 миң сомун алып жаткан жеринен колго түшкөн. Азыр ал “үй камагында”.