Жер-жерлерде өткөн шайлоолордо депутат болууга такыр моралдык укугу жок адамдар да элди сатып алуу менен өтүп кетишти. Эл деген оома да, ким акча таратса, ошону ээрчип кетет. Маселен, Жумгалда бир айылды, ал гана эмес, бүтүндөй бир районду канча жылдан бери кууратып жүргөн аял депутат болду. Ал айымга буга чейин кылмыш да козголгон, миллиондогон салыкты төлөбөй да жүргөн. Ал тууралуу кезеги келгенде кенен кеп кылабыз. Мындан тышкары, ошол эле райондун бир айылында ич эт саткандар элге ич эт берип, депутат болууга жетишти. Эл ичинен эзели түшпөй калчудай болуп ич этке алданып, жексурларды “сыйлап” калгандан кийин ишти бүткөнү да.