Домой Саясат Депутаттар бир айга каникулга тарабай турган болду

Депутаттар бир айга каникулга тарабай турган болду

34

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бир ай шайлоочулар менен жолугуу токтом долбоорун сунуштады.

«28-октябрдан 28-ноябрга чейин шайлоочулар менен иштөө жөнүндө токтомду сунуштайм», — деди ал. Жыйынтыгында депутаттар шайлоочулар менен иш алып баруу боюнча токтом долбоору колдо тапкан жок.

Буга депутаттар каршы болушуп кайрадан добуш берүүгө коюу керектигин айтышты. Добуш берүү болуп Талант Мамытовдун сунушу өтпөй калды.

Айрым депутаттар бир ай убакыт өтө көп экенин айтышып, бир жума шайлоочулар менен иштеп, калган убакта Жогорку Кеңеште ишин улантуусун сунушташты.

Айрымдары шайлоого аттанган депутаттар көп болгондуктан, алар Жогорку Кеңештин трибунасын пайдаланып калышы мүмкүн экенин эскертишти.