Домой Саясат Абдывахап Нурбаев: Ак үйдүн ремонтуна кеткен акчага эч ким отчет бербей жатат

Абдывахап Нурбаев: Ак үйдүн ремонтуна кеткен акчага эч ким отчет бербей жатат

58

Депутат Абдывахап Нурбаев Ак Үйдү ондоп-түзөө үчүн каражат чогултулганы боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Ак Үйдүн ремонтуна акча чогултуп бергенбиз. Эч ким отчёт бербей жатат го. Акча кайда кетти, ким иштетти. Кийинки аптада бул боюнча отчёт берсин», — деди ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бул эске алына турганын айтты.

Талкаланган Ак үйдүн чыгымдарын эсептөө үчүн комиссия түзүлдү