Домой Шайлоо 2020 «БИРИМДИК» № 1: А.Алтыбаева: Аткарылбаган куру убадаларды бербейбиз

«БИРИМДИК» № 1: А.Алтыбаева: Аткарылбаган куру убадаларды бербейбиз

114

Бүгүн, 16-сентябрьда

“Биримдик” демократиялык социализм — евразиялык тандоо” партиясынын үгүт иштери Ош облусунун Өзгөн районунда улантылды. Жергиликтүү тургундар менен  жолугушууда партиянын лидерлери сөз сүйлөп: “Биримдик” партиясы жаш жана саясатка кадам таштаганына бир жыл болгонуна карабай, жалпы Кыргызстандын ар бир булуң бурчунда өзүнүн күчтүү командасын чогулта алганын белгилешти.

Өзгөн районунан депутаттыкка талапкер Айнуру Алтыбаева өз сөзүндө партиянын программасы өлкөнүн жарандарынын конституциялык укуктарын ишке ашырууга багытталгандыгын жана социалдык адилеттүүлүк принциби партиянын саясатынын негизги өзөгүн түзѳѳрүн баса белгилеп ѳттү.

“Кубаттуу Кыргызстан – бул  ынтымактуу, бирдиктүү Кыргызстан! Биздин балдарыбыз экономикалык жактан кубаттуу мамлекетте жашаганга татыктуу”,- деди А.Алтыбаева.

Талапкер партиянын идеологиясы тууралуу кыскача мындай деди: “Евразия мейкиндигинде жашаган элдердин тарых-тамыры, маданияты бир. Эзелтеден тарыхый, этникалык, маданий, саясий жана экономикалык байланышта болуп келген. Биз ушул багытка ат тизгинин буралы”, — деп турабыз. Бул жаңылбаган, ар тараптан ѳсүп-ѳнүгүүгѳ алып баруучу багыт”.

Ошондой эле талапкер Кыргызстандын билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактары тууралуу айтып жатып, “ар бир жаран татыктуу жашоого укуктуу. Биз саясий популизмге алдырып, куру убада бербейбиз. Биз реалдуу программаны ишке ашырабыз”,- деди А.Алтыбаева.

Талапкер Айнуру Алтыбаева “өлкөнүн гүлдөп өнүгүшү Кыргызстанда жашаган элдердин достугуна, интернационализмге жана ар башка этностордун өкүлдөрүнүн ортосундагы ынтымакка негизделет. 4-октябрда бирдиктүү “Биримдик” партиясын колдоп берүүнүздөрдү өтүнөм,-” деп сөзүн жыйынтыктады.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.