Домой Коом Артур Цветков Ассолду сотко берди. Кыргыз жигиттери Цветковго каршы челленж баштады

Артур Цветков Ассолду сотко берди. Кыргыз жигиттери Цветковго каршы челленж баштады

206

Өткөн жумада орустардын алып баруучусу Артур Цветков Ассоль Молдокматованы сотко берээри туурасында айткан. Бүгүн ал теле алып баруучу айымды сотко бергендиги туурасында маалыматты өзүнүн инстаграмм баракчасына жарыялады.

Артур Цветковдун айтымында, аны Ассол Молдокматова улутчул катары сыпаттаган.

Эскерте кетсек, август айында Артур Цветков Москвада кафеде иштеген кыргыз жарандарына кол көтөрүп, аларды өлкөдөн чыгарып жиберем деп коркуткан. Видео социалдык тармакта тарап, көпчүлүк Цветковду сынга алгандан кийин ал Манап Абдуразаковдон келип кечирим сурап кеткен.

Кыргыз мырзалары Артур Цветковго каршы челленж баштап, аны наалыбай, даттанбай, эркек болууга чакырат. Россиядагы кыргызстандык ишкер Марсель Салахунов баштаган акцияны бир катар мырзалар колдоого алды.