Бул партия шайлоого аттанганда эле негизги ишин ката менен баштады. Себеби, “ээрге олтурганда кыйшак олтурган” “Кыргызстандын” иделогиясын Жумабеков, Икрамов сындуу “илимпоздор” жүргүзүп жатышпайбы. Атактуу алкомагнаттын партиясынын тиешелүү кызматкерлери плакат, баннерлердеги жазууларды “бух” берип олтуруп жазышканбы айтор, катанын артынан ката кетирип эле жатышат. Маселен, “жүрөгүмдө” деген сөздүн г тамгасын англисче f тамгасына алмаштырып жазышкан. Ал аз келгенсип талапкер Айтмамат Назаровдун сүрөтүнө бакыйтып Шаршенбек Абдыкеримов деп жазып салышкан. Эми болсо Канат Исаев сүрөтүнүн алдына “Ичкилик менен күрөшүү биздин партиянын негизги артыкчылыгы” деген мааниде жазылган сөзүнөн да ката кеткен. Ал ортодо бул плакат фейк деп да жазып чыгышты. Айтор фейк болгон күндө да, фейк болбогон күндө бул партия алкоголь менен күрөшпөйт, тескерисинче жайылтып, даӊазалап келген эмеспи. Себеби, түшүнүктүү. Эл болсо бул партияны көрмөк турсун, уккусу да келбей турган чагы. Ушуларга кор болгон кайран кыргыз элим…