Бишкек шаарындагы шайлоого төмөнкү партиялар катышат:
- «Өнүгүү-Прогресс»;
- «Социал-демократтар»;
- «Замандаш»;
- «Келечек-Будущее»;
- «Ата-Журт Кыргызстан»;
- «Биздин Кыргызстан»;
- «Ынтымак»;
- «Жаңы мезгил»;
- «Биздин Эл»;
- «Туран»;
- «Эмгек»;
- Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы;
- «Жашыл Кыргызстан»;
- «Күч бирдикте»;
- «Улуу-Журт»;
- «Реформа»;
- «Столица».
Ушул жылдын 11-апрелинде өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 25 партия катышкан. Алардын ичинен 7 пайыздык босого чектен «Эмгек», «Ак Бата», Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы (КЭДП) , «Ата Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин эл» партиялары өткөн. Кийин Борбордук шайлоо комиссиясы КЭДП, «Эмгек» жана «Ак Бата» партияларынын добуштарын жараксыз деп тапкан.









