Домой Коом «Сентябрь» телеканалынын жетекчилиги өз техникалык жабдуулары тууралуу айтып берүүдөн неге чоочулашты эле?

«Сентябрь» телеканалынын жетекчилиги өз техникалык жабдуулары тууралуу айтып берүүдөн неге чоочулашты эле?

96

aldactone 25mg prospecto. сентябрьКоомдук биринчи каналдан «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмурбек Текебаевге караштуу «Сентябрь» телеканалы «Алиппе ТВнын» техникалык жабдууларын колдонуп келаткандыгы боюнча 19 минуттук сюжет кеткенден кийин эле анын автору, журналист Канат Каниметов жана КТРКнын кадыр-баркына көлөкө түшүрө турган постторду «атамекенчилер» социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жазып келет. Алардын катарында «Сентябрь» телеканалынын жетекчиси Катя Урумканова да бар экендигин айта кетели.

Мына ушундан улам КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу «Сентябрь» телеканалына жана анын кызматкерлерине карата кайрылуу жасады.«Сюжетте Канат Каниметов өзүнүн кесиптештерин жана биздин мекендештерди сыйлоо менен «Сентябрь» каналынын бир дагы кызматкерине тийишкен жок. Сюжет мен тарабынан толугу менен каралып чыккан. Мен сюжетте КТРК тараптан бузуулар жок деп эсептейм жана биз сюжет үчүн сот алдында, укук коргоо органдарынын алдында жана медиа коомчулугунун алдында жооп берүүгө даярбыз», — деп айтылат анда.

Демек, КТРКдан кеткен бул сюжетте келтирилген фактылар канчалык деңгээлде чындыкка дал келерине, же дал келбей тургандыгына КТРК толугу менен жооп бере тургандыгын түшүнсөк болот. Анда неге «Сентябрь» телеканалынын кызматкерлери, жетекчилиги жана «атамекенчилер» элдин башын айлантып, жөн эле «бизди каралап атышат» деп кыйкырышууда? Эгерде сюжетте келтирилген фактылар жалган дегилери келсе, анда соц түнүдөрдө ызы-чуу салышпай, түз эле сотко кайрылышпайбы?

Илим мырза өзүнүн бул кайрылуусунда «Сентябрь» телеканалынын жетекчиси Катя Урумканованын өзүнө да мындайча кайрылат: «Сиз бүгүн менин атыма кат жөнөттүңүз, анда 19 минуттук сюжетти чындыкка дал келбейт деп жокко чыгаруу талабын коюпсуз жана бизди «Сентябрь» телеканалынын позициясын жарыялоо боюнча балансты сактаган эмессиңер деп айыптапсыз. Мына ушундай талаптарды түзүүдөн мурун Сизге юристтен консультация алып коюну сунуш кылат элем. Биринчиден, 19 минуттук сюжетти, программаны толугу менен чындыкка дал келбейт деп табууга мүмкүн эмес. Чындыкка дал келбейт деп программадагы айрым сөздөрдү, сөз айкаштарын, сүйлөмдөрдү, фактыларды таанууга болот, бирок программаны толугу менен эмес! Буга байланыштуу Сизден конкреттүү трүдө эмнени жокко чыгарып жана эмнени чындыкка дал келбейт деп атканыңызды тактоону суранам.

Экинчиден, сиз сюжетте «Сентябрь» ТВ каналынын позициясы азыраак көрсөтүлгөн деп айыптап атасыз. Эсиңизге сала кетүүгө уруксат этиңиз, Канат Каниметов Сизге барган, жабдууларды көрсөтүүнү, аргументтерди келтирүүнү жана каналдын жетекчилигинен кимдир-бирөө интервью беришин суранган. Анын ордуна Сиздин кызматкерлериңиз биздин кызматкерди кемсинтүүгө, кордоого, көкүтүүгө, провокация кылууга аракет кылган. Жыйынтыгында сиз акыры каналдын позициясын «Сентябрь» ТВ каналдын жөнөкөй, катардагы корреспондентине айттыргансыз», — деп жазылат.

Чын эле Катя Урумканова эмнеге өзү өздөрүнүн техникалык жабдуулары тууралуу айтып берүүдөн качты эле? Кече жакында эле ал маалымат жыйынын өткөрүп жатып, «Сентябрь» каналынан өз позициясын билдирүү үчүн эмнеге жетекчилиги чыкпай, катардагы кызматкери чыккан?» деген суроого, «Бизде бардык кызматкерлер, директордон тарта корреспондентке чейин бирдей» деп жооп берип атат.

Албетте, бардык кызматкерлердин укугу бирдей болушун биз деле колдойбуз. Бирок, ар бир мекеме үчүн анын жетекчилиги жооптуу болорун Урумканова билбейби? Же эртең «Сентябрь» телеканалы кандайдыр бир мыйзам бузууларга барып алган болсо, Урумканова качып кетип, катардагы кызматкерлерин кылтакка илип берейин деген ою барбы?